Жаңылыктар

27.03.2024

ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директору болуп Рустан Дженалинов дайындалды

Дженалинов Рустан Жанатович 1975-жылдын 1-январында Павлодар шаарында (Казакстан Республикасы) туулган. 

1997-жылы С. Торайгыров атындагы Павлодар Мамлекеттик университетин "Автоунаа жана трактор куруу" адистиги боюнча аяктап, инженер-механик адистигин алган, 2002-жылы – Казак гуманитардык-юридикалык университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктап, юрист адистигин алган.

Эмгек жолун 1997-жылы № 1 Акмоло автотранспорт ишканасынын ӨТБ (өндүрүштүк-техникалык бөлүмү) инженери болуп баштаган.

1999-жылдан 2002-жылга чейин Казакстан Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана суу транспорту департаментинин автомобиль транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси, андан кийин Автомобиль транспорту департаментинин бөлүм башчысы, андан кийин автомобиль транспорту башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген.

2002-жылы Казакстан Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транзиттик саясат башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

2006-2009-жылдары ТРАСЕКА Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) Туруктуу Катчылыгынын Башкы катчысынын кызматын ээлеген.

2009-2010-жылдары Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ЕККУ Департаментинин башкармалыгынын башчысы, андан кийин Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлигинин Туризм индустриясы комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2010-жылдан 2012-жылга чейин - Казакстан Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин министрдин кеңешчиси, Транспорттук-коммуникациялык комплексти стратегиялык пландаштыруу жана өнүктүрүү департаментинин директору, Стратегиялык пландоо жана логистика департаментинин директору.

2012-жылдан 2013-жылга чейин "Қазақстан темір жолы" улуттук компаниясы" АКга караштуу "Транспорттук логистиканы өнүктүрүү боюнча улуттук борбор" АКнын вице-президенти, андан кийин президенти болуп иштеген.

2013-жылдан 2016-жылга чейин – "Қазақстан темір жолы" АК филиалынын – "Транспорттук логистиканы өнүктүрүү борборунун" директору.

2017-жылдан тартып Казакстан Республикасынын "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасынын Логистика жана жүк ташуу департаментинин башкаруучу директору – директору болуп иштеген.

2024-жылдын 26-мартында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору болуп дайындалды.