ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев баса белгилегендей, чоң маалыматтарды колдонуу маселеси техникалык жана илимий прогресстин логикалык мыйзам ченемдүүлүгү болуп саналат.
"Бүгүнкү күндө экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөттүү мыйзам ченемдерине таянуу менен, биз келечекти алдын-ала билүүгө үйрөндүк, бирок бул экономикалык-математикалык талдоо эмес, сапаттуу алдын-ала билүү деп айтууга болот. Биз чоң маалыматтар менен иштөөнү үйрөнүүдө бул мазмундук верификациялоо да, милдеттерди коюу да, жыйынтыктарды чечмелөө да болушу зарыл", – деп белгиледи Сергей Глазьев.
Семинардын катышуучулары баалардын статистикасы, финансылык статистика, демографиялык статистика, туризм, айыл чарба, чекене соода статистикасы сыяктуу чоң маалыматтарды пайдалануу үчүн келечектүү тармактарды талкуулашты. Тажрыйба алмашуу жана ийгиликтүү кейстерди көрсөтүү болду.
Ошону менен бирге семинардын катышуучулары методология, сапат, технология, маалыматтарга жетүү, мыйзамдар, купуялуулук, башкаруу, каржылоо жана башкалар сыяктуу маселелер чечилгенден кийин гана расмий статистиканы даярдоо үчүн бул принципиалдуу жаңы маалымат булактарынын артыкчылыктарын пайдалануу мүмкүн экендигине көп ирет көңүл бурушту. Мындан тышкары, чыгымдарды жана натыйжаларды талаптагыдай талдоону жүргүзүү зарыл.
Семинардын катышуучулары диалогду улантууга жана расмий статистикада чоң маалыматтарды колдонуу боюнча эл аралык демилгелерди, мыкты чет өлкөлүк практикаларды жана региондогу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн туруктуу иштөөчү аянтчаны уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле расмий статистикада, анын ичинде Евразия тармактык университетинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен чоң маалыматтарды колдонуу потенциалын жогорулатуу боюнча аймактык хаб түзүү сунушу айтылды.
Семинарга Евразия экономикалык бирлигинин, Азия-Тынч океан регионунун жана КМШнын улуттук статистикалык кызматтарынын, эл аралык уюмдардын жана илимий коомчулуктун, анын ичинде Кытай, Корея, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн эксперттери катышышты.
Маалымат
Чоң маалыматтар – бул социалдык-экономикалык өнүгүү жана айлана-чөйрө жөнүндө алгач тутумдаштырылбаган маалыматтар, алар расмий статистикадан тышкары маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негизинде түзүлөт.
Чоң маалыматтар маалыматтын чоң көлөмү, маалыматтын өзгөрүүсүнүн жогору ылдамдыгы, маалыматтардын ар түрдүүлүгү жана ар башка тектүүлүгү сыяктуу белгилер менен мүнөздөлөт.
Чоң маалыматтардын булактары – GPS навигаторлор, видеобайкоо камералары, спутниктик маалыматтар, мобилдик телефондор, электрондук соода, банк карталары, социалдык тармактар, издөө тутумдарындагы интернет суроо-талаптар, электрондук билдирүүлөр, колдонуучунун жайгашкан жердин карталары ж. б.
Чоң маалымат булактарынын потенциалы алардан, адатта, минималдуу чыгымдар менен түзүлгөн, маалыматтардын чоң көлөмдөрүн өз убагында, кээде реалдуу убакыт режиминде алуу мүмкүнчүлүгүндө.