Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө дал келүүчү жана алдыга озуучу индикаторлордун жаңыланган эсебине ылайык жылдын аягына чейин экономикалык жигердүүлүктүн оң динамикасы сакталат. Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө мурда түзүлгөн тенденциялар сакталууда: Арменияда жана Казакстанда ишкердик жигердүүлүктүн өсүшүнүн тездеши күтүлүүдө, Беларуста жана Россияда өсүш басаңдайт. Кыргызстан кыска басаңдоодон кийин жогорулоо фазасына өттү жана өсүүнүн андан ары тездеши болжолдонууда.