Жаңылыктар

21.02.2022

"БЕЛАЗ" үчүн кыймылдаткычтарды алымсыз алып келүү улантылат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардын айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымынын нөлдүк ченин колдонуу мөөнөтүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Иш-чара беларустук карьердик техниканын өндүрүүчүсү - "БЕЛАЗ" ААКсын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды сактоого жана анын продукциясынын ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталган.

Азыркы учурда каралып жаткан товарларга карата ЕАЭБ ББТнын алып келүү бажы алымы бажы наркынын 5%ын түзөт.

"Чечимди кабыл алууда 240 тонна жүк көтөрүмдүүлүк классындагы самосвалдар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары чыгарган кыймылдаткычтарды жеткирүүнү уюштуруу, ошондой эле мындай кыймылдаткычтарды 200 тоннага чейинки жүк көтөрүмдүүлүк классында карьердик техниканы даярдоодо пайдалануу маселесин иштеп чыгуу жөнүндө макулдашуу эске алынган",- деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Анын айтымында, Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы Евразия экономикалык бирлигинде кооперацияны жана кыймылдаткычтарды өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Документ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

2014-жылдын 3-октябрынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде каралып жаткан ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарга алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынан 0% өлчөмүндө колдонулган.