Жаңылыктар

16.05.2023

ЕАЭБ жана Египет эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктоонун перспективасын талкуулашты

Каирде Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун Египет Араб Республикасынын жакында дайындалган өнөр жай жана соода министри Ахмед Самир Салех менен биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси боюнча кеңири талкуу өткөрүштү. Эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүү иштерин активдештирүүнү макулдашышты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө келечектеги документти жүзөгө ашырууга, анын ичинде бизнес-байланыштарга көмөктөшүүгө, кооперациялык өндүрүштөрдү түзүүгө жана өз ара кызыкчылыктын башка чөйрөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду, – деп белгиледи Андрей Слепнев. - Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун ушул жылдын июль айында Москвада өткөрүүнү макулдаштык".

Маалымат 

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Египет Араб Республикасы менен эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө чечими 2016-жылдын 26-декабрында кабыл алынган. 2017-жылдын декабрында алардын форматын жана пландаштырылган документти макулдашуу боюнча техникалык консультациялар өткөрүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 2019-жылдын январында өткөрүлгөн. Азыркы учурга карата жалпысынан алганда беш раунд өткөрүлгөн (акыркысы - 2022-жылдын октябрында).