Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Араб Чыгыш мамлекеттери менен активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле жакында аяктаган "Россия – Африка" экинчи саммитинин контекстинде Москвада ЕАЭБ менен Египеттин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы раунду болуп өттү.
Бирликтин мүчө мамлекеттеринин жана Араб Республикасынын ортосунда тыгыз соода-экономикалык байланыштар бар жана бул азыркы геосаясий көз караштан алганда, татаал мезгилде да товарлардын кеңири номенклатурасы боюнча өз ара сооданы жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.
Келечектеги макулдашуу Египетти Африкага "дарбаза" катары караган ЕАЭБ ишканаларынын египеттик өнөктөштөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн зарыл негизди түзөт. Макулдашуу ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялардын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
15-17-августта өткөн диалогдун жыйынтыктары боюнча тараптар дымактуу бүтүм түзүүгө өздөрүнүн ниеттерин тастыкташты.
"Макулдашуу долбоорунун жөнгө салуучу бөлүгүнүн главаларын макулдашуу боюнча олуттуу прогресске жетишилди. Калган маселелерди сессиялар аралык форматта тез арада кароо боюнча мындан аркы кадамдар жөнүндө макулдашылды", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев.
Маалымат
Египет Араб Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан 2016-жылы кабыл алынган.