Жаңылыктар

24.07.2024

ЕАЭБ жана Индонезия эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн бешинчи раундун өткөрүштү

22-24-июлда Бату шаарында (Индонезия Республикасы) Евразия экономикалык бирлиги менен Индонезия Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн бешинчи раунду болуп өттү.

"Раунддун жыйынтыгы боюнча келечектеги макулдашуунун текстин макулдоо боюнча олуттуу прогресске жетишилди, сүйлөшүү процессин субстантивдик аяктоо үчүн зарыл болгон мындан аркы кадамдар белгиленди", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин бөлүм башчысынын орун басары Кира Данильчева. 

Индонезия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан 2022-жылдын майында кабыл алынган. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү раунддары тиешелүүлүгүнө жараша 2023-жылдын апрель, июль, декабрь жана 2024-жылдын март айларында өткөн.