Жаңылыктар

16.02.2022

ЕАЭБ жана Куба биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат

Евразия экономикалык бирлигинин жана Куба Республикасынын ортосундагы ишкер чөйрөлөр линиясы боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Куба Республикасынын "Мариэль" өзгөчө өнүгүү аймагынын башкы директору Ана Тереза Игарса Мартинес талкуулашты. Жолугушуу 15-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Буга чейин ЕАЭБ жана Куба 2025-жылга чейин биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюшкан, ал өзүнө Кубанын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн интенсификациялоо боюнча чараларды камтыйт.

Сергей Глазьев белгилегендей, Бирлик өлкөлөрү Куба менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, анын ичинде туризм, фармацевтика жана башка багыттарда өнүктүрүүгө кызыкдар. Ошондой эле ал ЕАЭБдин Ишкер кеңеши менен Кубанын Соода палатасынын ортосундагы Макулдашууну өнүктүрүү контекстинде бизнес-чөйрөлөр линиясы боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"ЕАЭБ мамлекеттеринин бизнесин "Мариэль" өзгөчө өнүгүү аймагынын ишине тартуу боюнча сунуштар ЕЭКтин делегациясынын өткөн жылдын аягында Кубага болгон иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын багытына ылайык келет. Бизнес чөйрөлөрдүн ортосунда түз диалогду тереңдетүү, ошондой эле биргелешкен кооперациялык долбоорлорду түзүү зарыл", – деп белгиледи Сергей Глазьев.
Ана Тереза Игарса Мартинес өзгөчө өнүгүү аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесине бере турган артыкчылыктары, анын ичинде "Мариэль" аймагында ЕАЭБдин өзүнчө өнөр жай паркын түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдады.

"Биздин өлкөнүн жетекчилиги ЕАЭБ менен Кубанын ортосунда соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң потенциал бар экендигин көп ирет белгилеген", – деп баса белгиледи Ана Тереза Игарса Мартинес. Ал кошумчалагандай, Бирликтин компанияларын жана ишкерлерин өзгөчө өнүгүү аймагынын ишине тартуу жолу менен "Мариэль" бул потенциалды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр.
Өз кезегинде Сергей Глазьев өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча "Мариэлдин" өкүлдөрүнүн ниетин колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.

Маалымат

"Мариэль" өзгөчө өнүгүү аймагы – Куба Республикасынын Министрлер кеңеши тарабынан башкарылуучу узак мөөнөттүү долбоор. "Мариэль" 2013-жылдын ноябрында Кубанын экономикалык моделин актуалдаштыруунун алкагында түзүлгөн жана атайын режимдердин жана жеңилдиктердин комплексин сунуштайт, бул аны улуттук жана чет элдик инвестициялар үчүн жагымдуу кылат. 465,4 км2 аянты бар өзгөчө өнүгүү аймагы Гаванадан 45 км аралыкта Артемиса провинциясынын түндүгүндө жайгашкан. Учурда "Мариэль" өзгөчө өнүгүү аймагында 21 өлкөдөн 61 мекеме жана 11 трансулуттук компаниялар иштешет.