Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун Монголиянын Премьер-министринин биринчи орун басары – экономика жана өнүктүрүү министри, Улуу Мамлекеттик Хуралдын мүчөсү Лувсаннямын Гантумур менен жолугушуусу болуп өттү.
"Биз натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишиминин долбоору боюнча калган бардык маселелерди деталдуу түрдө талкууладык. Жакынкы коңшу жана биз менен салттуу түрдө жылуу мамиле түзгөн достук мамиледеги өлкө катары Монголия менен өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө ниетибизди ырастайбыз", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
ЕАЭБ менен Монголиянын ортосунда убактылуу соода келишимин түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2024-жылдын 8-майындагы № 3 чечимине ылайык жүргүзүлүүдө.