Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен Мьянма Бирлиги Республикасынын кызматташтыгынын келечектүү багыттарын Евразия экономикалык комиссиясы менен Республиканын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунун катышуучулары талкуулашты. Иш-чара 9-апрелде Нейпьидо шаарында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана Мьянманын инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зонун теңтөрагалыгы алдында өттү.
Сергей Глазьев ЕАЭБ өлкөлөрү менен Мьянманын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын оң динамикасын белгиледи жана Бирликтин ар бир өлкөсү менен Мьянманын диалогун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.
"ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн рыноктору менен иштөө негизги багыт болуп калууга тийиш, алар азыркы учурда Мьянма менен соода-экономикалык кызматташуу тутумуна толук киргизиле элек. Биргелешкен ишибизге ишкер чөйрөлөрдү жигердүү тартуу, "кууш жерлерди" четтетүүнүн үстүндө иштөө керек", – деди Сергей Глазьев.
Өз кезегинде Кан Зо ЕАЭБ өлкөлөрү менен Мьянманын ортосундагы регионалдык экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгилеп, 2023-жылдын июнунда кол коюлган Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча тараптардын ишине оң баа берди.
Тараптар өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, финансы, транспорт жана логистика, энергетика, санариптештирүү, туризм тармагындагы өз ара аракеттешүүнүн экономикалык аспектилери жана ишкер чөйрө багытында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Спикерлер катары ЕЭКтин профилдик департаменттеринин жана Мьянманын ведомстволорунун өкүлдөрү, бизнестин, анын ичинде ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
"Биз бизнес чөйрөсүндөгү байланыштардын эсебинен соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртабыз деп ишенем. Мьянма географиялык жактан ыңгайлуу позицияга ээ – ал Индия жана Кытай сыяктуу экономикалык жактан күчтүү өлкөлөр менен кошуна, Түштүк-Чыгыш Азия менен евразия рыногун бириктирген көпүрө катары жайгашкан. Биз ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесмендерине бул артыкчылыкты пайдаланууну сунуштагыбыз келет", – деп белгиледи Кан Зо.
Жолугушуунун жыйынтыктарын чыгарууда Сергей Глазьев ишкер чөйрөлөр линиясы боюнча тикелей кеңири масштабдуу жана үзгүлтүксүз кызматташтыкты орнотуу Мьянманын Бирлик мамлекеттери менен соода-экономикалык өз ара иштешүүсүн күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи. ЕЭК министри мьянмалык бизнести жана мамлекеттин расмий адамдарын Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында пландаштырылган ЕАЭБ-АСЕАН бизнес-диалогуна катышууга чакырды.
Мындан тышкары, Сергей Глазьев бизнеске курулуш, транспорттук байланыштар, ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Мьянманын улуттук валюталарында эсептешүүлөр үчүн шарттарды түзүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бизнестин сунушу боюнча ушул жана башка маселелер ЕЭКтин жумушчу тобунун жана Мьянманын Өкмөтүнүн аянтчасында өзөктүү маселелер катары каралат. Ал ошондой эле соода үйлөрүн түзүү жөнүндө бизнестин идеясын колдоду, бул товарларды жеткирүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Биргелешкен жумушчу топтун отурумунун алдында "ЕАЭБ – Мьянма" экономикалык семинары өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө Сергей Глазьев Мьянманын расмий, ишкер жана эксперттик чөйрөлөрүнүн алдында Чоң Евразиянын экономикалык борборлорунун бири катары ЕАЭБди түзүүгө басым жасоо менен евразиялык интеграциялык долбоор боюнча кеңири презентация менен чыгып сүйлөдү.
Ошондой эле Сергей Глазьев Мьянманын Өкмөт мүчөлөрү: вице-премьерлер – тышкы иштер министри Тан Свей, транспорт жана байланыш министри Мья Тхун У, пландаштыруу жана финансылар министри Вин Шейн, ошондой эле инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо, айыл чарба, мал чарба жана ирригация министри Мин Наун, мейманканалар жана туризм иштери боюнча министр Тэ Тэ Кхайн менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө ЕАЭБ жана Мьянма өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык күн тартибинин кеңири спектри боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.
Мындан тышкары, ЕЭК делегациясынын Мьянманын Соода-өнөр жай палаталарынын Бирлигинин төрагасы У Ай Вин менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Өнөктөштөрдүн ЕАЭБдин Ишкер кеңеши жана анын мүчөлөрү менен системалуу өз ара аракеттенүүсүн жолго коюуга, ошондой эле туруктуу жумушчу байланыштарды колдоого кызыгуусу белгиленди.