Жаңылыктар

27.05.2022

ЕАЭБ Индонезия менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Индонезия Республикасы менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

"Индонезия АСЕАНдын эң ири экономикасы жана калкынын саны боюнча дүйнөдөгү төртүнчү өлкө болуп саналат. Биргелешкен изилдөө тобунун иши ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана Индонезия Республикасынын ортосундагы соода мамилелеринин өнүгүүгө чоң потенциалы бар экендигин көрсөттү, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв белгиледи. – Мындан сырткары, эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында тарифтик либералдаштыруу келишип жаткан тараптардын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир берет деп болжолдонууда".

Жүргүзүлгөн баалоого ылайык, эркин соода режимин орнотуу айыл чарба жана өнөр жай товарлары менен сооданын өсүшүнө өбөлгө түзүп, өз ара пайданы максималдуу түрдө көбөйтөт. Министр, моделдөө маалыматтарына ылайык, дандар, эт, балмуздак, шоколад, алкоголдук продукция, балык жана деңиз азыктары, минералдык жер семиртикчтер, резинадан жана пластиктен жасалган буюмдар, автотранспорт каражаттары, көмүр, кагаз товалары жана металлдан жасалган буюмдар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспортунун өсүшү үчүн эң чоң потенциалга ээ экендигин тактады.

Ошол эле мезгилде, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана рынокко жетүүнүн оптималдуу шарттарын аныктоодо ар бир мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынат.

Маалымат

Статистика маалыматтарына ылайык, 2021-жылда ЕАЭБдин Индонезия менен соода жүгүртүмү 2020-жылга салыштырмалуу 41,5%га өсүп, 3,7 млрд долларга жеткен. Экспорт 34,1%га, ал эми импорт 44,5%га өскөн.

Бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттерин жана, экинчи тараптан, Индонезия Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө тобу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 19 тескемесинин негизинде түзүлгөн. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү