ЕАЭБ терефтал кычкылдыгын алып келүү алымдарын нөлгө түшүрдү
21.02.2022
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши терефтал кычкылдыгына жана анын туздарына карата алып келүү бажы алымынын ченин 2024-жылдын март айына чейин 0% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алды.
Азыркы учурда терефтал кычкылдыгына жана анын туздарына карата ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынан 5% өлчөмдө белгиленген.
ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Чара Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы чийки заттагы тартыштыкты толтуруу жана полиэтилентерефталат өндүрүү менен алектенген ишканалардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн киргизилет", - деп ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Наталия Самойлова белгиледи.Полиэтилентерефталат негизинен полиэфир булаларын жана жиптерин, ошондой эле тамак-аш өнөр жайы үчүн желим бөтөлкөлөрдү, пленкаларды жана таңгактоочу идиштерди жасоо үчүн преформаларда колдонулат.
Азыркы учурда терефтал кычкылдыгына жана анын туздарына карата ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынан 5% өлчөмдө белгиленген.
ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат
2015-жылдан 2021-жылдын 31-декабрына чейин терефтал кычкылдыгына жана анын туздарына алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынан 0% өлчөмүндө колдонулган.
2015-жылдан 2021-жылдын 31-декабрына чейин терефтал кычкылдыгына жана анын туздарына алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынан 0% өлчөмүндө колдонулган.