Ошондой эле импорттук алымдан жарым жылга азык-түлүк продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн товарлар; фармацевтикалык, металлургиялык жана электрондук продукцияны өндүрүү үчүн товарлар; санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн колдонулуучу товарлар; жеңил өнөр жай продукциясын өндүрүү үчүн товарлар, ошондой эле курулуш жана транспорт тармактарында колдонулуучу товарлар бошотулду. Мында тарифтик жеңилдикти берүүнүн шарты товарларды ташып келүүнүн максаттуу багытын тастыктоо болмокчу.
Мындан тышкары, 2023-жылдын 30-апрелине чейин 40 кг ашык таңгактардагы өрүк, алмурут, шабдалы жана башка пюрелерге, ал эми 2025-жылдын 30-апрелине чейин - анилинге жана тыш кийимдердин өндүрүшү үчүн бир катар кездемелердин түрлөрүнө коюм нөлгө түшүрүлдү.
ЕЭК Коллегиясына жакынкы отурумда бир катар башка товарлар боюнча алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын белгилөө жөнүндө маселени кароо тапшырылды.
"Учурдагы шартта маанилүү керектөөчү товарларды өндүрүүчүлөр валюта курстарынын секириктерине жана чийки заттарды жеткирүүдө логистикалык чынжырлардын бузулушуна туш болууда, - деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. - Буга байланыштуу экономикалык туруктуулукту жогорулатууга, ошондой эле ички рынокту каныктырууга багытталган биринчи кезектеги колдоо чараларын көрсөтүү үчүн продукциянын айрым түрлөрүнө карата алымдардын коюмдары убактылуу өзгөртүлөт жана социалдык маанилүү каражаттарды өндүрүүдө пайдаланылуучу товарларга тарифтик жеңилдиктер белгиленет".
Чечимдер расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.