Бул үчүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө тиешелүү баланстарды түзүү максатында буудайды жана меслинди, арпаны, жүгөрүнү, күн карама майын жана кантты жыл сайын өндүрүүнүн жана керектөөнүн эсептик көлөмдөрүн ЕЭКке берүү сунушталды.
"ЕАЭБ айыл чарба продукциясынын эң ири нетто-экспорттоочусу болуп саналат, буга байланыштуу турмуштук маанилүү товарлардын тартыштыгы бизге коркунуч жаратпайт. Ошол эле учурда тарифтик эмес жөнгө салуунун биргелешкен чараларын киргизүү ички рыноктогу баа кырдаалын турукташтырууга өбөлгө түзөт, бул тышкы факторлордун таасир этүү шарттарында өзгөчө маанилүү", - деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.