Жаңылыктар

22.02.2022

ЕАЭБ металлургиядагы инновацияларды өнүктүрүүдө

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы мүчө мамлекеттерге ЕАЭБде кара жана түстүү металлургия продукциясынын жаңы түрлөрүн өндүрүү жаатындагы кызматташтыктын перспективдүү багыттарынын тизмегин эске алууну сунуштады.

Учурда технологиялык инновациялар металлургиялык продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоонун маанилүү фактору болуп саналат. 

"Өнөр жайдагы учурдагы тренддер жана жаңы тармактардын тез өнүгүшү уникалдуу касиеттерге ээ болгон жаңы материалдарды иштеп чыгуу зарылчылыгын, аталган материалдарды өнөр жайдын конкреттүү тармактарында, атап айтканда, автомобиль курууда, айыл чарба машиналарын курууда, темир жол машиналарын курууда, түтүк өнөр жайында колдонуу боюнча техникалык инженердик чечимдерди киргизүүнү талап кылат", – деди ЕЭКтиин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. 
Артак Камаляндын айтуусу боюнча, иштелип чыккан документ металлургиялык продукциянын жаңы түрлөрүнүн потенциалдуу өндүрүүчүлөрү жана керектөөчүлөрү, ошондой эле анын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты камтыйт жана инновациялык өнүгүүнү биргелешип демилгелөө аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайынын негизги тармактарынын жаңы технологиялык деңгээлге чыгышы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Кызматташтыктын каралып жаткан багыттарын ишке ашыруу металлургияда өнүмдүк инновацияларды түзүүгө жана аларды өнөр жайдын чектеш тармактарында колдонууга, евразиялык өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт, деп эсептейт ЕЭК министри.

Өз кезегинде, продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу ага болгон суроо-талаптын жогорулашына, ошондой эле ЕАЭБдин рыногунда анын чет өлкөлүк аналогдорунун ордун алмаштырууга алып келет.

Кийинки кадам перспективдүү технологияларды атайын аянтчаларда пилоттук режимде сыноодон өткөрүү болушу мүмкүн, бул Бирликтин металлургия тармагындагы инновациялардын жашоого жөндөмдүүлүгүн тез баалоого мүмкүндүк берет.

Маалымат

Сунуштамага айыл чарба машиналарын куруу өнөр жайы, автомобиль өнөр жайы жана темир жол транспорту, тамак-аш жана түтүк өнөр жайы үчүн жаңы техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон металлдарды, атайын арналыштагы тетиктерди (подшипниктерди) иштеп чыгуу, ошондой эле дат басууга абдан туруктуу болгон эритмелерди өндүрүү сыяктуу металлургиялык продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүү жаатындагы кызматташтыктын 8 багыты кирет.

Биргелешкен долбоорлордун кызыкдар болгон катышуучулары – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы илимий институттары, Бирликтин мамлекеттеринин автомобиль куруу, станок куруу, темир жол жана курулуш тармактарындагы ири өндүрүүчү ишканалары, айыл чарба, жол жана курулуш, карьердик жана тоо-кен казуу техникасынын өндүрүүчүлөрү.