Жаңылыктар

31.08.2022 (Обновлено: 07.09.2022 15:14)

ЕАЭБ - Өзбекстан: соода экономикалык байланыштарды арттыруу максатында кызматташтык

Евразия экономикалык бирлиги менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жигердүү өнүктүрүү боюнча сунуштар ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун 2-отурумунун жүрүшүндө иштелип чыкты. Иш-чара 30-августта ЕЭКтин штаб-квартирасында Комиссиянын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана Өзбекстан Республикасынын инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары Бадриддин Абидовдун төрагалыгы астында көздөшүү форматында өттү. Отурумга ЕЭКтин, Өзбекстандын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыктын масштабы жагынан да, өз ара аракеттенүүнүн сапаты жана тереңдиги жагынан да ЕАЭБдин эң жакын өнөктөшү болуп саналат.

"Өзбекстанга ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусу берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен биргелешкен аракеттердин натыйжалары көп күттүргөн жок - соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн бардык көрсөткүчтөрү боюнча өсүш белгиленет. ЕАЭБ менен Өзбекстандын бири-бири үчүн соода өнөктөштөрү катары мааниси дайыма жогорулап барат жана ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Бирликтин мамлекеттеринин Өзбекстан менен товар жүгүртүүсү эки эсеге өстү. Өткөн жылы ал 11 млрд доллардан ашкан", - деп баса белгиледи Сергей Глазьев.

"Өзбекстан үчүн ЕАЭБ маанилүү соода өнөктөшү болуп саналат. Өзбекстандын Өкмөтү ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун пайдалануунун алкагында койгон, Өзбекстан менен ЕАЭБ ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жигердештирүү жана Өзбекстан менен ЕАЭБ ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды арттыруу боюнча милдеттерди чечүү боюнча Өзбекстан башчысынын демилгелерин ишке ашырууга өбөлгө түзгөн талкуу жемиштүү жана мазмундуу болгондугун канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Отурумдун катышуучулары техникалык жөнгө салуунун ченемдерин шайкеш келтирүүгө жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуга карата мамилелерди; жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө үчүн бажылык жөнгө салуу жана навигациялык пломбаларды колдонуу маселелерин; өнөр жай жана агроөнөр жай кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууну; транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, темир жол жүк ташууларын санариптештирүү жана тездетүү боюнча чараларды; ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Өзбекстан Республикасынын бизнес-коомдоштуктарынын ортосунда ишкердик жигердүүлүктү өбөлгөлөө боюнча сунуштарды жана башка маселелерди карап чыгышты.

ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян ЕЭК менен Өзбекстандын Өкмөтү биргелешкен пландарды аткаруусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

"Планда каралган 108 иш-чаранын 70%ы аткарылды. Биздин биргелешкен ишибиздин натыйжалуулугуна эпидемиологиялык чектөөлөр да, кандайдыр бир башка факторлор да олуттуу таасирин тийгизген жок", - деп белгиледи Гоар Барсегян.

Жумушчу топтун отурумунун алдында Комиссия Өзбекстандын өкүлдөрү үчүн тематикалык семинарларды өткөрүп, анда алар ЕАЭБ органдарынын ыйгарым укуктары, Бирликтеги интеграциянын учурдагы деңгээли, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда ташылып жаткан жана Бирликтин аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген товарларды көзөмөлдөө механизми, ошондой эле ЕЭКтин компетенциясына кирген бажылык башкаруу маселелери жөнүндө маалымат ала алышты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча жумушчу топ ЕАЭБ менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жигердүү өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Атап айтканда, төмөнкүдөй маселелер боюнча тармактык консультацияларды жана семинарларды, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү улантуу сунушталды: бажы кызматташтыгы чөйрөсүндө андан ары шайкеш келтирүү; техникалык жөнгө салуу; санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык ченемдер жана жөнгө салуу тутумдары; атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар; "Евразиялык агроэкспресс" долбооруна Өзбекстандын катышуусунун маселелери боюнча өз ара аракеттенүү; жүк ташууларды санариптештирүү боюнча ЕАЭБ долбооруна Өзбекстандын катышуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу; химиялык өнөр жай, фармацевтика, машина куруу, прибор куруу, электротехника чөйрөлөрүндө, ошондой эле агроөнөр жай кооперациясы жаатында кооперациялык байланыштарды жана локалдаштырууну тереңдетүү программаларын демилгелөө.

Жумушчу топ ЕАЭБ Ишкер кеңешине жана Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасына кызматташууну жол-жоболоштуруу жана биргелешкен бизнес-миссияларды уюштурууга киришүүнү сунуштады. Талкуу соода-экономикалык кызматташтыктын потенциалын ачууда "ЕАЭБ - Өзбекстан" бизнес-форумун өткөрүү маанилүү кадам болорун көрсөттү.

Маалымат

Өзбекстанга 2020-жылдын декабрь айында ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусу берилген. 2021-жылдын 30-апрелинде Казань шаарында ЕЭК менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга
 кол коюлган, ошондой эле ЕЭК менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планы бекитилген. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин 2022-жылдын 12-июлунда Ташкентке болгон иш сапарынын жүрүшүндө бул план өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары менен толукталган.

Жумушчу топ меморандумга ылайык түзүлгөн.

Өзбекстан ЕАЭБтин маанилүү тышкы соода өнөктөшү болуп саналат.
ЕЭКтин маалыматы боюнча, 2021-жылы ЕАЭБдин бул өлкө менен товар жүгүртүүсү 22,9%га көбөйүп, 11,6 млрд АКШ долларына жеткен, анын ичинде экспорт 17,9%га (8,5 млрд АКШ долларына чейин), ал эми импорт - 39,1%га (3,1 млрд АКШ долларына чейин) өскөн.