Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Илимий-изилдөө иштерин (ИИИ) жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө административдик кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды, ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүү үчүн жөнөтүлгөн.
Макулдашуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын ортосунда кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ИИИ иштеп чыгуудагы нысапсыз ишкер тажрыйбага каршы күрөшүү үчүн натыйжалуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
Документтин долбоору тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын расмий сайттарында жайгаштырыла турган маалыматтардын тизмесин, анын ичинде актуалдуу ченемдик укуктук актыларды, ИИИ өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун катышуучулары жөнүндө иш-чараларды жана маалыматтарды аныктайт. Мындан тышкары, берилген уруксаттар жана аларды жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды алмашуу каралган.
ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун айтымында, бул Макулдашууну ишке ашыруу ЕАЭБдин ИИИ жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү рыногунда ачык-айкындуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт.
"Макулдашуу керектөөчүлөрдүн укуктарын гана коргобостон, бирдиктүү рыноктун катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", – деп белгиледи ЕЭК министри.