Жаңылыктар

04.06.2024

ЕЭК чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө баяндады

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча 2023-жылга карата көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жылдык отчетун жактырды.


Отчеттук мезгилде Комиссия мурунку мезгилдерден өткөн жол-жоболордун алкагында, ошондой эле келип түшкөн арыздарды жана материалдарды кароо режиминде ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышына контролду жүзөгө ашырууну уланткан. 2023-жылы келип түшкөн арыздар ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын курулуш, фармацевтикалык, химиялык жана азык-түлүк тармактарына тиешелүү болгон.

Отчетто Комиссияга келип түшкөн бардык 15 арыз жана материалдар жөнүндө кеңири маалымат берилген. Бирликтин укуктарын бузуу белгилеринин эң көп саны нысапсыз атаандаштыкка тиешелүү болгон – мындай материалдардын саны 10го жеткен. Төртөө боюнча үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануунун белгилери, бирөө боюнча - атаандаштыкка каршы макулдашуунун белгилери болгон.

2023-жылы Комиссия тарабынан 8 иликтөө жүргүзүлүп, бир эскертүү берилген, 11 иш кароо баскычында болгон. Иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын Коллегиясынын 7 чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, отчетто Бирлик өлкөлөрүндө товардык рынокторго мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизүү жөнүндө билдирүүлөрдү кароонун жыйынтыктары чагылдырылган. ЕАЭБдин укуктарын жана мүчө мамлекеттердин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө маалымат камтылган. Комиссиянын атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташуу боюнча ишмердиги өзүнчө блок менен чагылдырылды. Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан жактырылган атаандаштык жөнүндө жылдык отчет Бирликтин расмий сайтына жайгаштырылат.