Жаңылыктар

22.11.2024

ЕЭК – Беларустун МБК: бажылык жөнгө салуунун негизги маселелерин талкуулоо

Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдовдун Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар ЕЭК менен Беларустун МБК өз ара иштешүүсүнүн алып келинүүчү товарлардын бажы наркын контролдоо боюнча Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмаларын аткарууга, бажы чөйрөсүндөгү жалпы процесстерди ишке ашырууга, ошондой эле транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө жана эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарын жылдырууга тиешелүү актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, жолугушуунун катышуучулары Беларустун Мамлекеттик бажы комитетинин бажы транзитинин бажы жол-жоболорун жөнгө салуучу ЕАЭБ укугунун бир катар жоболорун тактоо боюнча демилгелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, алар ЕАЭБ аймагы боюнча товарлардын кыймылынын ачыктыгын жогорулатуунун негизги элементтеринин бири болуп саналган электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну киргизүүнү тездетүүгө багытталган иш-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Руслан Давыдовдун сөзү боюнча, ЕЭКтин, бажы кызматтарынын жана Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын тыгыз жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБде бирдиктүү бажылык жөнгө салууга жетишүүнүн зарыл шарты болуп саналат.

Жолугушуунун аягында Руслан Давыдов Владимир Орловскийге ЕЭК аянтчасында бажылык жөнгө салуу маселелерин талкуулоодо беларустук бажы кызматынын жигердүү жана ойлонулган позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.