Өз ара иштешүүнүн келечектүү чөйрөлөрүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Мьянма Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен жумушчу тобунун биринчи отурумун өткөрүүнү ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян жана Мьянманын инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо талкуулашты. Жолугушуу 25-январда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.
Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин жана Мьянманын соода-экономикалык кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи жана 2023-жылы түзүлгөн Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу товар жүгүртүүнүн мындан аркы өсүшүнө өбөлгө түзөрүн баса белгилеп өттү.
"Жетишилген натыйжаларды жакшыртууга кызматташтыктын тар жерлерин иштеп чыгуу – Меморандумду ишке ашырууга тартылган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Мьянманын профилдик ведомстволорунун ортосунда маалымат алмашууну жогорулатуу, ошондой эле диалогго эксперттик жана бизнес чөйрөлөрдү кеңири тартуу мүмкүндүк берет", – деп комментарий берди Гоар Барсегян.
Өз кезегинде Кан Зо Мьянманын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, каржы, транспорт, туризм, энергетика, санариптештирүү сыяктуу чөйрөлөрдө – ЕАЭБ менен да, анын ар бир өлкөсү менен да эки тараптуу негизде өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө карата маанайын билдирди.
"Мьянма ЕАЭБ өлкөлөрүнөн үрөндөрдүн, жер семирткичтердин, пестициддердин, машина жабдууларынын импортун көбөйтүүгө, ошондой эле кофе продукциясынын экспортун көбөйтүүгө даяр. Соода-экономикалык кызматташтыктын ушул жана башка практикалык учурларын биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунун жүрүшүндө талкуулоону сунуштайбыз", – деп белгиледи министр.
Гоар Барсегян Мьянманын өкүлдөрүн евразиялык интеграциялык тематикасы боюнча жакынкы конгресс-көргөзмө иш-чараларына – Евразия экономикалык форумуна, ошондой эле Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында "ЕАЭБ-АСЕАН" бизнес-диалогуна катышууга чакырды.