Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (БУУ ЭСКАТО) тарабынан уюштурулган "Түндүк жана Борбордук Азияда миграция боюнча фактологиялык базаны бекемдөө: маалыматтар, гендердик аспектилердин таасири жана акча которуулар" семинарынын жана эксперттер тобунун кеңешмесинин катышуучулары эмгек миграциясын өнүктүрүү жана социалдык коргоо маселелерин талкуулашты.
Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү эмгек рыногунун абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү. Ал ЕЭК менен БУУ ЭСКАТО кызматташтыгынын өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи:
"Биздин өз ара аракеттешүүбүз эмгек миграциясы жана социалдык коргоо боюнча аймактык стратегияларды өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат. Тажрыйба жана билим алмашуу заманбап дүйнөнүн чакырыктарына натыйжалуу жооп берүүгө жана Бирлик өлкөлөрүнүн бардык жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет".
Иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБде акча которуулар тутумун өнүктүрүү келечегин талкуулап, укуктук базаны жакшыртуу, акча операцияларынын ачыктыгын жана коопсуздугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
ЭСКАТО – БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы – БУУнун беш аймактык комиссияларынын бири болуп саналат. ЭСКАТО штаб-квартирасы Таиланд Королдугунун Бангкок шаарында жайгашкан. ЭСКАТОНУН курамына 53 мамлекет (анын ичинде Армения Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы), ошондой эле ассоциацияланган 9 катышуучу кирет.
ЕЭК жана БУУ ЭСКАТО өз ара иштешүүсү 2019-жылдын 17-майында Казакстанда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга негизделген.