Жаңылыктар

20.02.2023

ЕЭК жана европалык бизнес техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө диалогду тереңдетүүдө

Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Тимур Нурашев 17-февралда Европалык бизнес ассоциациясынын (ЕБА) Продукциянын шайкештигин баалоо боюнча комитетинин төрагасы Алексей Солдатов жана ассоциациянын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар продукцияга карата милдеттүү талаптарды белгилөө, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, продукциянын рынокко, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна кирүүсү чөйрөлөрүндөгү маселелерди талкуулашты.

Атап айтканда, Комиссиянын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" жана "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенттерине өзгөртүүлөр даярдалып жаткандыгы жөнүндө айтып беришти. Жолугушуунун катышуучуларына продукциянын шайкештигин баалоонун айрым жол-жоболору жана COVID-19 шарттарында укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен аралыктан баалоону колдонуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү.

Жол-жоболоштуруунун, анын ичинде, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторунун жупнускаларын берүү, ошондой эле аларды каттоо жол-жоболоруна байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар пикир алышып, көтөрүлүп жаткан маселелерди жөнгө салуу боюнча кошумча жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

Иш-чаранын катышуучулары Комиссиянын жана бизнестин өкүлдөрүнүн диалогунун маанилүүлүгүн тастыкташты, анын алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө Бирликтин укугун өркүндөтүү боюнча көйгөйлүү маселелер жана сунуштар талкууланат.


Маалымат

Европалык бизнес ассоциациясы (ЕБА) - Россияда чет элдик инвесторлордун негизги өкүлчүлүгү. 1995-жылы түзүлгөн ЕБА Россияда иштеген 500дөн ашык компанияларды бириктирген көз карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат. ЕБАга Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн, Европа эркин соода ассоциациясынын жана дүйнөнүн башка аймактарынын ири эл аралык корпорациялары жана чакан жана орто бизнес ишканалары, ошондой эле россиялык, америкалык, япониялык, кореялык жана түркиялык компаниялар киришет.

Алардын бардыгын Европа бирлиги менен Россиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо милдеттенмеси, ошондой эле Россия Федерациясынын инвестициялык климатын жакшыртууга умтулуусу бириктирет.