Жаңылыктар

15.12.2022

ЕЭК жана ФБА бизнести жана каржы рынокторун өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдешүүдө

15-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри, ФБА Байкоочу Кеңешинин төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин жана ЕвроАзиялык кызматташтыктын Финансы-Бизнес Ассоциациясынын (ФБА) президенти Ли Шобиндин жолугушуусу болуп өттү.

 Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү интеграция жана бизнести өнүктүрүү, Бирликтин ШКУ өлкөлөрү менен кызматташуусу маселелерин талкуулашты, каржы чөйрөсүндө өз ара иштешүү маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, ушул жылдын 24-ноябрында Москвада өткөн "Дубалдарды эмес, көпүрө куруу. Ишкер Евразия жаңы реалдуулукта" форумунун натыйжалары каралды. Бакытжан Сагинтаев форум кесипкөй коомдоштуктарда пикир алмашуу, ошондой эле бизнес-өнөктөштөрдү издөө үчүн жемиштүү аянтча болуп саналарын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев жана Ли Шобин ЕвроАзиялык кызматташтыктын Финансы-Бизнес-Ассоциациясынын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.