Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министринин катчылыгынын жетекчиси Алымбек Орозбеков ушул жылдын 7-ноябрында Абу-Дабиде Abu-Dhabi Ports Group компаниялар тобунун (Бириккен Араб Эмираттары) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин эксперттери онлайн-форматтагы жолугушууга катышышты.
Жолугушуунун катышуучулары Комиссия менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы 2022-жылдагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду жетекчиликке алып, жакынкы келечекте кызматташуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландарын талкуулашты.
2024-2026-жылдары биргелешкен иш-чараларды өткөрүү планына кол коюу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү контекстинде жүк ташууну жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон иш-чаралар, транспорт жана логистика жаатында заманбап санариптик чечимдерди колдонуу, атап айтканда санариптик транспорттук коридорлорду түзүү жана электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.
Тараптар Abu-Dhabi Ports Group менен кызматташууну жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын иштеп чыгуу жана биргелешкен иш-чаралар планына кол коюу боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.