Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Кубанын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара иштешүүсүн тереңдетүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясы менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Биргелешкен комиссиянын отурумунда ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лусине Тумяндын катышуусу менен каралды.
"Бирликтин алкагында ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн, – деп белгиледи Лусине Тумян. — Бизнести өнүктүрүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык кызматташтыгынын пайдубалы болуп саналат. Бирликтин алдында байкоочу-мамлекет статусуна ээ болгон Куба да бул чөйрөдөгү биздин жалпы ишибизге жигердүү кошулууда".
ЕЭК өкүлүнүн сөзү боюнча, Бирлик мамлекеттеринин жана Куба Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара иштешүүсүн тереңдетүү, мыйзамдык база, Бирлик өлкөлөрүндө жана Куба Республикасында бизнес-климаттын учурдагы абалы, келечектүү инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалымат алмашууну активдештирүү, тематикалык семинарларды жана эксперттик консультацияларды өткөрүү чоң мааниге ээ болууда.
Жыйынтыгында тараптар биргелешкен Комиссиянын аянтчасында болуп өткөн пикирлер жана сунуштар менен алмашуу ишкердик чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген бирдиктүү позицияга келишти.
Маалымат
Евразия экономикалык комиссиясы менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Биргелешкен комиссия Евразия экономикалык комиссиясы менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык 2018-жылдын 31-майында түзүлгөн.