Жаңылыктар

06.03.2025

ЕЭК жана БУУ экономикалык күн тартибинин маселелери боюнча диалогду өнүктүрүүнү талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын БУУ тутумунун уюмдары жана түзүмдөрү менен өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү жана системалаштыруу маселелери ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Ли Цзюньхуанын жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланды. Сүйлөшүүлөр Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өттү.

ЕЭКтин БУУнун регионалдык комиссиялары – БУУ ЕЭК, ЭСКАТО жана ЭКЛАК, ошондой эле БУУнун уюмдары менен евразиялык экономикалык интеграция маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө түзүлгөн меморандумдардын алкагында натыйжалуу диалогу белгиленди.

"БУУнун түзүмдөрү менен диалогдун түзүлгөн форматы ЕЭКке жөнгө салууларды өнүктүрүүдөгү актуалдуу тенденциялардан кабардар болууга, дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонууга жана эл аралык аренада евразиялык мыкты тажрыйбаларды илгерилетүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Эльдар Алишеров.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭКтин 2025-жылдын июлунда туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды, анын аянтчасында Комиссия салттуу түрдө экономикалык интеграция процесстеринин туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө тийгизген таасири тематикасы боюнча тегерек стол өткөрүп келет.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Эльдар Алишеров орун басар Ли Цзюньхуаны 2025-жылдын май айында Минскте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды.