Евразия экономикалык комиссиясы менен Никарагуа Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Никарагуанын өнөр жай жана соода министри Хесус Бермудес кол коюшту. Салтанат 17-январда Манагуада болуп өттү.
"Никарагуа жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери кеңири күн тартиби боюнча салттуу түрдө бекем байланыштарга ээ жана евразиялык экономикалык интеграциясынын процесстеринин жигердүү өнүгүүсүн жана Комиссиянын Латын Америкасы жана Кариб бассейни регионундагы башка өнөктөштөр менен өз ара иштешүүсүнүн позитивдүү мисалдарын эске алуу менен биз Никарагуанын Өкмөтү менен түз диалогго чыкканыбыз толугу менен логикага негизделген", – деп билдирди Сергей Глазьев.
Документте ЕАЭБ менен Никарагуанын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган, мисалы: бажы жана техникалык жөнгө салуу, өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, СФС-чаралар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана башка чөйрөлөрдө. Бул багыттар боюнча ишти үстүбүздөгү жылы ЕЭКтин профилдик бөлүмдөрүнүн жана Никарагуанын министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде баштоо макулдашылган. Бул Меморандумдун алкагында түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отурумуна чейин эле натыйжалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Тараптар кызматташууну өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу жолу менен өнүктүрүүнү пландаштырууда, атап айтканда: жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү, конференцияларды, бизнес-миссияларды анын ичинде Бирлик мамлекеттеринин жана Никарагуа ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешип даярдоо жана уюштуруу, ошондой эле биргелешкен аналитикалык материалдарды жана докладдарды даярдоо жолу менен.
"Меморандумдун алкагындагы өз ара иштешүү ЕАЭБ жана Никарагуа өлкөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташтыгына көмөктөшүүгө багытталган, — деп белгиледи ЕЭК министри, — ошону менен бирге потенциал товарлар менен соода жүргүзүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен гана эмес, кооперацияны өнүктүрүүнүн жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен да ачылышы мүмкүн".
Документке кол коюунун алдында Никарагуанын Президентинин кеңешчиси Лауреано Ортега жана Никарагуанын өнөр жай жана соода министри Хесус Бермудес өз өлкөсүнүн экономикалык потенциалын, бизнес жүргүзүү шарттарын презентациялоо менен ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине басым жасоо менен чыгып сүйлөштү. Экспорттук жана импорттук жеткирүүлөрдү көбөйтүүгө, ошондой эле Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн эсебинен байланыштардын географиясын кеңейтүүгө кызыгуу белгиленди.
Никарагуалык өнөктөштөр Никарагуанын аймагында эркин өнүгүү зоналарынын механизмин ЕАЭБдин ишкер чөйрөлөрү колдонуусунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымдашты жана Никарагуанын Өкмөтү тарабынан жигердүү илгерилетилип жаткан бул механизм ЕАЭБден өнөктөштөрдү иш жүзүндө кызыктырарына ишенимин билдиришти.
Меморандумду ишке ашыруунун практикалык аспектилери Сергей Глазьевдин Айыл чарба министрлигинин, Борбордук банктын, Финансы жана мамлекеттик насыя министрлигинин, Туризм министрлигинин жана Никарагуа Республикасынын Эркин өнүгүү зоналары боюнча улуттук комиссиясынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө талкууланмакчы.
Маалымат
ЕАЭБдин Никарагуа менен товар жүгүртүүсү оң динамикага ээ. 2023-жылдын январынан октябрына чейин ЕАЭБдин бул өлкөгө экспорту 14%га, ал эми импорту — эки эседен ашык көбөйгөн. Экспортто дары-дармек каражаттары, автомобилдер жана аларга камылга бөлүктөр, азоттук жер семирткичтер, күн карама майы, мунай зат өнүмдөрү; импортто — жер жаңгак, кофе, тамеки буюмдары жана чийки зат, трикотаж жана текстиль басымдуулук кылат.
2024-жылдын январынын ортосуна карата ЕЭК кызматташуу жөнүндө меморандумдарды түзүү жолу менен Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин мамлекеттери жана интеграциялык бирикмелери менен өз ара аракеттенүүнүн кеңири тармагын түздү. Өкмөттүк деңгээлде — Чили, Перу, Куба менен; министрликтер деңгээлинде – Эквадор, Аргентина менен; интеграциялык түзүмдөрдүн деңгээлинде – Анд коомдоштугу, Латын Америкасынын экономикалык тутуму (ЛАЕТ), Түштүк Американын жалпы рыногу (МЕРКОСУР), Тынч океан альянсы, Борбордук Американын экономикалык интеграция боюнча катчылыгы (СИЕКА) менен.