25-январда Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын Түштүк-Африка Республикасынын Соода жана өнөр жай министрлигинин жана айыл чарба, жер реформасы жана айылды өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
Өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарында биргелешкен иштерди түзүүнү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана ТАРдын өнөр жай комплекстеринин өзгөчөлүктөрүн жана өнүгүү тенденцияларын ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев жана ТАРдын Соода жана өнөр жай министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча башкы директору Малозе Летсоало талкуулашты. Тараптар ачык аналитикалык маалыматтарды, анын ичинде негизги инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана өнөр жайдын ар кандай тармактарындагы иштелмелер боюнча өз ара алмашуу жөнүндө макулдашышты, ошондой эле конструктивдүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги кадамдарды аныкташты.
ТАРдын Соода жана өнөр жай министрлигинин жаңыланма энергия боюнча башкы директору Жерар Фурье менен Николай Кушнарев энергиянын альтернативдик жана жаңыланма булактары үчүн жабдуулар, себилдегичтер жана материалдар жаатындагы технологиялар трансферинин эл аралык алдыңкы тажрыйбаларын карап чыкты. ЕЭК өкүлү Комиссия тарабынан Бирликте жаңыланма энергетика чөйрөсүндө өнөр жайды өбөлгөлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири айтып берди.
ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору кесиптештери менен Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай зоналарын түзүү маселелерин да талкуулады, алар мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрү үчүн ТАР рыногуна гана эмес, бүтүндөй Африка континентинин рыногуна чыгууга жол ачышы мүмкүн. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ жана БРИКС мамлекеттеринин өнөр жай министрлеринин жолугушууларын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карашты.
Айыл чарба тармагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири спектрин, атап айтканда өсүмдүк өстүрүү жана үрөнчүлүк, органикалык продукцияны сертификаттоо, так дыйканчылык, айыл чарбасын санариптештирүү, айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды колдонуу, өсүмдүк продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү маселелерин жолугушуунун жүрүшүндө Армен Арутюнян менен ТАРдын Айыл чарба, жер реформасы жана айылды өнүктүрүү маселелери боюнча министрлигинин эл аралык мамилелер жана соода башкы директору Финдив Дингил талкуулашты.
Тараптар маалымат алмашышып жана ТАР рыногуна айыл чарба продукциясын жеткирүүнү өстүрүүнүн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана ТАРга экспорттоо үчүн эң жогорку потенциалы бар айыл чарба товарларынын тизмесин түзүүнүн мүмкүн болгон механизмдерин изилдөөнү макулдашышты, Бирликтин жана ТАРдын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелери боюнча, анын ичинде видеоконференциялар режиминде кеңешмелерди, тематикалык семинарларды жана конференцияларды өткөрүү жолу менен пикир алмашуунун зарылдыгын тастыкташты.
Армен Арутюнян Бирликти эл аралык деңгээлде келечектүү соода өнөктөшү катары позициялоо максатында ЕАЭБдин агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ишмердүүлүгү жөнүндө, ЕАЭБдин айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү программалары жөнүндө, Бирлик өлкөлөрүнүн айыл чарба тармагындагы технологияларды жана билимдерди африкалык регионго жеткирүүгө кызыкдарлыгы жөнүндө айтып берди.
Маалымат
Африка багытында ЕАЭБдин эл аралык кызматташтыгын активдештирүү боюнча иштер ЕЭК аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 27 тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.