Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун эл аралык тажрыйбасына серепти карап чыкты.
"Евразия экономикалык бирлигинин көпчүлүк өлкөлөрүндө бул чөйрөдөгү тармактык мыйзамдар салыштырмалуу жакында эле, эки-үч жыл мурда кабыл алынган. Серептин алкагында биздин максат - дүйнөлүк органикалык продукция рыногунун өсүү шарттарында жана эл аралык климаттык күн тартибинин актуалдуулугунда келечектүү органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын эл аралык тажрыйбасын көрсөтүү болду, - деди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. - Тактап айтканда, өндүрүүчүнү колдоонун ар кандай куралдары менен катар, тиешелүү адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бул жаатта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, керектөөчүлөр арасында бул концепцияны жайылтуу боюнча мамлекеттик медиа өнөктүктөрдү жүргүзүү жана башка багыттар сунушталат".
Документте органикалык продукциянын глобалдык рыногунун тенденциялары жана келечеги, алдыңкы өндүрүүчү өлкөлөрдө жана ЕАЭБ мамлекеттеринде секторду өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнө айыл чарбасынын бул секторун мамлекеттик колдоо боюнча сунуштамалар камтылган.
Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун эл аралык тажрыйбасына сереп Комиссиянын расмий сайтында жайгаштырылган https://cutt.ly/fMW47Tu.