Жаңылыктар

06.03.2025

ЕЭК 2024-жыл үчүн табигый монополиялар чөйрөсүндөгү иштин жыйынтыктарын чыгарды

2024-жылы табигый монополиялар чөйрөсүндө аткарылган иштер жөнүндө баяндаманын долбоору 6-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында профилдик комитеттин отурумунда жактырылды.

Баяндама ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан иштелип чыккан табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген принциптерге жана эрежелерге ылайык келүү предметине Бирлик мамлекеттеринин ченемдик базасына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча мониторингдин жыйынтыктарын камтыйт.

Комиссия документти Бирликтин мамлекеттеринин табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте жыл сайын даярдайт. Ушул жылдын май айында баяндама Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кароосуна сунушталат.

Баяндама табигый монополиялар субъектилеринин ишмердигин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык даярдалат.