Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы товарларга декларацияны толтуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигине товарлардын айрым категорияларын алып келүүдө декларацияда айрым маалыматтарды көрсөтүү боюнча эрежелерди андан ары унификациялоого багытталган.
"ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү үчүн Бирликтин бажы аймагына алып келинүүчү компрессорлор, вертикалдуу типтеги тоңдургуч шкафтар, темир жол жана трамвай вагондору, тракторлор, приборлор жана аппаратуралар жөнүндө декларацияда кандай маалыматтар так көрсөтүлүүгө тийиш деген бирдей эрежелер каралууда, – деп белгиледи Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров. – Бул товарлардын жогоруда көрсөтүлгөн категорияларын декларациялоодо бизнес үчүн бирдей шарттарды түзөт".
Товарларга карата декларацияны толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген.
Бул Тартипке карата № 2 тиркеме ички керектөө, бажы кампасы, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, убактылуу алып келүү (уруксат берүү), убактылуу ташып чыгаруу, реимпорт, реэкспорт, эркин бажы аймагы, эркин кампа үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарлардын айрым категориялары боюнча товарларга декларациянын 31-графасында 1-номер менен көрсөтүлгөн тактоочу маалыматтардын тизмесин камтыйт, ал эми № 4 тиркеме – экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды камтыйт.