Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Женевада Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) Кеңешинин 115-отурумунда сүйлөп жатып, эл аралык жумуштуулук платформасын түзүүнү сунуштады.
ЕЭК министринин сөзү боюнча, мындай платформа бош орундар жана эмгек шарттары жөнүндө маалыматтарды топтой алмак.
"Миграциялык процесстерди жөнгө салууга санариптик технологияларды киргизүү – мигранттардын жумушка орношуусунун жана өлкөдө жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун камсыздоонун ачкычы. Санариптештирүү кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жеңилдетет, жумуш издөөгө жана талапкерлерди издөөгө чыгымдарды азайтат, миграциялык процесстерди иретке келтирет", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Бахыт Султанов Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө миграциялык процесстерди жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, ошондой эле ЕЭКтин санариптик технологияларды колдонуу менен ЕАЭБде бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча иши жөнүндө айтып берди.
"Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен эмгекчи-мигранттардын барган өлкөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат", – деп белгиледи Бахыт Султанов.
ЕЭК МЭУ менен 2013-жылдын 12-апрелиндеги Кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде өз ара аракеттенет. Азыр тараптар аны жаңыртуунун үстүндө иштеп жатышат. Мындан тышкары, ЕЭК жана МЭУ жакында ЕАЭБде эмгекчи мигранттардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча пилоттук долбоорду иштеп чыгууга киришти.
Бахыт Султановдун сөзү боюнча, глобалдуу эмгек рыногунда квалификациялуу кадрларга муктаждык өсүүдө жана ЕЭК квалификациялуу жумушчу күчүнүн агымдарын жөнгө салууда, анын ичинде талап кылынган кесиптердин жалпы тизмесин түзүү механизмдерин иштеп чыгып жана киргизип жатат, квалификацияга талаптарды жакындатууда жана көндүмдөрдүн жана квалификациялардын платформаларын өнүктүрүүдө өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр.
Иш-чаранын алкагында ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Омурбекованын жана долбоорлордун координатору, МЭУ глобалдык тармагынын катчылыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Парул Мехранын жолугушуусу болуп өттү. Тараптар эмгек миграциясынын процесстерин эл аралык жөнгө салуунун мыкты тажрыйбалары жөнүндө пикир алмашышты жана ЕЭК менен МЭУнун мындан аркы кызматташуусунун жолдорун аныкташты.