Жаңылыктар

19.01.2024

ЕЭК акыркы төрт жылдагы ишинин жыйынтыктарын сунуштады

Евразия экономикалык комиссиясы 2020-2023 – жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жарыялады.

Кириш сөзүндө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович өткөн төрт жылда Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүн мүнөздөөчү негизги сандарды келтирет: "2020-2023-жылдары ЕАЭБдин ИДӨ көлөмү 4,1%га көбөйүп, 2,2 трлн долларга жеткен. Өнөр жай өндүрүшү 8,3%га, анын ичинде иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш – 5,7%га өскөн. Айыл чарба продукциясын өндүрүү 11,8%га өскөн. ЕАЭБ мамлекеттеринин ошол эле мезгилдин ичиндеги өз ара соодасынын көлөмү 1,5%га өскөн".

ЕАЭБдеги акыркы төрт жылдыктын негизги окуяларынын бири — Комиссия тарабынан 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын даярдалышы жана андан кийин Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан анын бекитилиши, ишке ашырылышы. Стратегия-2025 ЕАЭБ жөнүндө келишимдин горизонтторун кеңейтти жана калыптануу баскычынан долбоордук интеграция баскычына өтүүнү белгиледи.

ЕАЭБде экономикалык өсүштү тездетүү үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды, эмгек ресурстарын жана илимий-техникалык потенциалды натыйжалуу пайдалануунун негизинде инвестициялык жана инновациялык жигердүүлүктү өстүрүү боюнча ык-амалдарды иштеп чыгуу башталды. Кооперациялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизми иштелип чыкты, ал 2024-жылы аларды тандоого жана ишке ашырууга киришүүгө мүмкүндүк берет. ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди, аны практикалык ишке ашыруу 2024-жылдын башында башталышы керек. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда банктык кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө келишимге кол коюлду. Муну менен көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелер боюнча иштер иш жүзүндө аяктады.

2023-жылдын 25-декабрында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБди 2030-жылга чейин жана 2045-жыл мезгилге чейин өнүктүрүүнүн "Евразия экономикалык жолу" декларациясына кол коюшкан. Декларация 2045-жылга карата ЕАЭБди экономикалык-технологиялык жана интеллектуалдык лидерликке ээ болгон жана мүчө мамлекеттердин калкынын бакубаттуулугунун жогорку деңгээлин колдогон, өз алдынча, гармониялуу өнүккөн жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн жагымдуу макрорегионго айландыруу жолунда 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү келечекке Бирликтин милдеттерин аныктайт.Бүгүнкү күндө ЕАЭБ — эл аралык экономикалык мамилелердин архитектурасынын маанилүү элементи. 2020-жылы эки мамлекет ЕАЭБге караштуу байкоочу статусун алышкан: Куба жана Өзбекстан. Иран менен убактылуу келишимден толук форматтуу соода келишимине өтүү боюнча иштер аяктады. ШКУ, АСЕАН жана АӨИЧК менен биргеликте Чоң Евразияда үзгүлтүксүз байланыш мейкиндигин түзүлүүдө, Кытай Эл Республикасы менен биргеликте – евразиялык интеграцияны жана "Бир алкак, бир жол" демилгесин айкалыштырууну ишке ашырылууда. Биз БРИКС жана Африка бирлиги менен конструктивдүү диалог түзүлүп жатат. Бул иш Чоң Евразиялык өнөктөштүк идеясын практикалык ишке ашырууга салым болуп саналат.

Ошону менен бирге, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын сөзү боюнча, Евразия экономикалык бирлиги биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү, экономикалык мааниде гана эмес, салмактуу бириктирүүчү башталыш болуп калды. "Бизде, бардык айырмачылыктарыбызга карабастан, көптөгөн жалпы, бириктирүүчү нерселер бар", — деп баса белгиледи Михаил Мясникович. — Жалпы адамзаттык көз караштан алганда да жана биздин беш өлкөнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын экономикаларынын көз карашынан алганда да. Менин оюмча, бул биздин негизги баалуулугубуз, аны сакташыбыз жана көбөйтүшүбүз маанилүү".

Отчетто Комиссиянын бардык блокторунун ишинин жыйынтыктары келтирилген: ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын; интеграция жана макроэкономика; экономика жана каржы саясаты; өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси; соода; бажы кызматташтыгы; атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу; техникалык жөнгө салуу; энергетика жана инфраструктура; ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар блокторунун.

Басылма иш жүзүндө отчеттук мүнөздө гана түзүлгөн эмес. Ал мазмуну боюнча кыйла кененирээк: өзүнө тарыхый бөлүктү да, евразиялык өнүгүүнүн перспективаларын да камтыйт, алар Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча материалдарда берилген.

Отчёт Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаменти тарабынан Комиссиянын блоктору менен биргеликте даярдалды. Отчёт менен бул шилтеме боюнча таанышууга болот.