Жаңылыктар

10.01.2024

ЕЭК Бирликтин тамак-аш кошулмаларына, жыпар жыт бергичтерге жана технологиялык көмөкчү каражаттарга карата техрегламентине стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламентине (ББ ТР 029/2012) карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү бекитти, алар Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 29-августундагы № 84 Чечими менен кабыл алынган жана 2024-жылдын 27-февралында күчүнө кире турган бул техрегламентке № 2 өзгөртүүлөргө документтердин топтомуна киргизилген.

Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында ББ ТР 029/2012 талаптарын сактоо камсыз кылынган стандарттардын тизмеси сегиз стандарт (беш мамлекеттер аралык стандарт жана Россия Федерациясынын үч стандарты), анын ичинде айрым тамак-аш кошундуларынын жана ферменттик препараттардын идентификациялык белгилерин караган стандарттар менен толукталган.

Изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде ББ ТР 029/2012 талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандап алуунун эрежелерин камтыган стандарттардын тизмеги 53 документ менен толукталган (алты стандарт эл аралык стандарттардын негизинде, төртөө – аймактык стандарттардын негизинде иштелип чыкты). Алардын ичинде - 37 мамлекеттер аралык стандарттар, Россия Федерациясынын 13 стандарттары, Беларусь Республикасынын стандарты жана эки аттестацияланган изилдөө методикасы. Көрсөтүлгөн документтер өзүнө ар кандай тамак-аш кошулмаларындагы негизги заттын массалык үлүшүн аныктоо ыкмаларын, жыпар жыт бергичтерди жана ферменттик препараттардын коопсуздук көрсөткүчтөрүн аныктоо ыкмаларын, ошондой эле тамак-аш продукциясынын ар кандай түрлөрүндөгү тамак-аш кошулмаларынын курамын аныктоо ыкмаларын камтыйт.