Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев Сауд Аравиясына Made in Russia+ INNOPROM биринчи көп тармактуу миссиясынын курамында чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы соода мамилелерин бекемдөө жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында алдыңкы сауд компанияларынын жана өкмөттүк түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын жана өнөр жайдын ар түрдүү тармактарына, анын ичинде курулушка, машина курууга, фармацевтикага жана инновациялык технологияларга инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Николай Кушнарев "Иннопром" көргөзмөсүнүн ишкердик программасына, анын ичинде Россия Федерациясынын жана Сауд Аравия Королдугунун бийлик органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле агенттиктердин жана ири өндүрүштүк компаниялардын башчыларынын катышуусунда башкы пленардык сессияга жана адистештирилген сессияларга катышты.
"Сауд Аравия Королдугу экономикасы өтө ыкчам өнүгүп жаткан ири регионалдык рынок катары – ЕАЭБ мамлекеттери менен өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу чет өлкөлүк өнөктөш. Биз өнөр жай жана инновациялар жаатында өз ара пайдалуу кызматташтыкты куруу эң жакынкы келечекте соода-экономикалык байланыштарды тез өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз. Made in Russia+INNOPROM көп тармактуу иштиктүү миссиянын уюштуруучуларына бул ийгиликтүү иш – чараны өткөрүүдөгү аракеттери үчүн ыраазычылык билдиребиз жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен Сауд Аравиясынын ортосунда экономикалык байланыштардын мындан ары өнүгүүсүн күтөбүз", — деп белгиледи Николай Кушнарев.
Маалымат
INNOPROM — эл аралык өнөр жай көргөзмөсү, Россиянын негизги өнөр жай, соода жана экспорттук аянтчасы. Эр-Риядда өткөн иш-чарада каралган темалардын катарында — санариптик өндүрүш, шаарлар үчүн технологиялар, заманбап агротехнологиялар, транспорттук инженерия, энергетика үчүн технология, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы өнөр жай жабдуулары. Бул жылы иш-чара биринчи жолу ЕАЭБдин чек араларынан тышкары чыгып жатат.