Жаңылыктар

20.04.2022 (Обновлено: 23.05.2022 10:20)

ЕЭК Бирликте органикалык продукциянын бирдиктүү рыногун түзүүнү улантууда

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБде органикалык продукцияны жүгүртүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууда. Бул иш 2021-жылда Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан бекитилген Бирликтин органикалык айыл чарба продукциясынын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча жол картасына ылайык жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу ЕЭК Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин агрардык жана азык-түлүк саясаты жана жаратылышты пайдалануу боюнча комитетинин россиялык органикалык продукцияны өнүктүрүү үчүн премияга конкурс өткөрүү демилгесин колдойт. ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян туруктуу өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин жана сергек жашоо образын колдоо үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстун эксперттик комиссиясында катышаарын тастыктады.
"Ченем түзүү иши менен катар органикалык продукция концепциясына көңүл бөлүү жана аны керектөөчүлөрдүн арасында да, бизнес-коомдоштуктарда да илгерилетүү абдан маанилүү, – деп белгиледи Артак Камалян. – Албетте, органика чөйрөсүндө элдик бренддердин пайда болушу бул рыноктун өнүгүшүнө, органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн бренддеринин таанымалдуу болушуна өбөлгө түзөт. Келечекте биз бул тажрыйбаны жайылтып, ЕАЭБдин алкагында мындай кампанияларды масштабдоого үмүт кылабыз".
Конкурстун алкагында Роскачество элдик органика брендин тандоо боюнча онлайн добуш берүүнү уюштурду жана ага бардык каалоочулар катыша алышат.

Маалымат
ЕАЭБде органикалык айыл чарба продукциясынын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча жол картасы Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы тескемеси менен бекитилген. Документте Бирликтин алкагында органикалык продукциянын тоскоолдуктарсыз жүгүртүлүшүнө, профилдик эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле премиалдуу эл аралык рынокторго чыгуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга багытталган эл аралык келишимди даярдоо каралган.