Жаңылыктар

14.11.2023

ЕЭК Беларуста ички рынокту коргоо жана бажылык-тарифтик жөнгө салуу боюнча семинар өткөрдү

9-10-ноябрда Минскте Беларусь Республикасынын мамлекеттик органдары жана бизнес-коомдоштугу үчүн "Евразия экономикалык бирлигинде ички рынокту коргоо чараларын жана бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу" семинары болуп өттү. Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте Беларустун ТИМи тарабынан уюштурулду.

Семинарды Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назарук ачты. ЕЭК тарабынан семинарга ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян, ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин директору Андрей Захаров, ошондой эле бажы-тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү демилгелүү сунуштарды, сооданы коргоо чараларын колдонууга арыздарды кароо, коргоочу иликтөөлөрдү жүргүзүү менен түздөн-түз алектенген эксперттер катышышты.

Комиссиянын өкүлдөрү бажы-тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндө демилгелүү сунуштарды даярдоонун өзгөчөлүктөрүнө жана ички рынокту коргоо чараларын колдонууга арыздарды даярдоо боюнча сунуштамаларга тиешелүү практикалык маселелерди ачып беришти. Тарифтик жеңилдиктер механизмин колдонууга, ЕАЭБ ББТ алымдарынын чендерин жогорулатууга, арыздарды даярдоо үчүн далилдүү базага, коргоочу иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн жол-жоболук аспектилерине жана ички рынокту коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга байланышкан суроолор семинардын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын 74 ишканасынан, уюмдарынан, министрликтеринен жана ведомстволорунан жүздөн ашык кызматкер катышты