Жаңылыктар

26.04.2024

ЕЭК керектөөчүлөрдүн соодада жасалма интеллект тутумдарын колдонууга карата мамилеси жөнүндө сурамжылоо жүргүзүүдө

Заманбап дүйнөдө жасалма интеллект күнүмдүк жашоодо барган сайын кыйла маанилүү ролго ээ болууда. Интеллектуалдуу сервистер – онлайн дүкөндөрдөгү жекелештирилген сунуштамалардан баштап, колдоо кызматтарындагы интеллектуалдуу чат-ботторго чейин – керектөөчүлөрдүн тажрыйбасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Бирок, соодада жасалма интеллект инструменттерин жигердүү колдонуу бардык артыкчылыктары менен катар көптөгөн тобокелдиктер менен байланышкан, анын ичинде жеке маалыматтарды кыянаттык менен пайдалануу, керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумун башкаруучу алгоритмдерди колдонуу сыяктуу. Буга байланыштуу керектөөчүлөрдүн тиешелүү мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер жөнүндө билүүсү чоң мааниге ээ.

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинде соода чөйрөсүндө жасалма интеллект тутумун колдонууга карата мамиле жөнүндө калктын сурамжылоосун өткөрүүдө, ал ушул жылдын 30-июлуна чейин уланат.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жашоочуларынын пикири маалыматтык өнүгүү шарттарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүн өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Сурамжылоого катышууга чакырабыз, бул болгону бир нече мүнөттү талап кылат. Сиздин пикириңиз Комиссия үчүн абдан маанилүү.

Сурамжылоодон өтүү >>>>