17-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын жетекчилиги алдында Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин отуруму болуп өттү.
Отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында органикалык продукцияны таануунун тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырышты. Документ Бирликте мындай продукциянын эркин жүрүүсү үчүн шарттарды камсыздоого багытталган. Мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыгы боюнча жеткире иштелип чыккан документтин долбоору Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын кароосуна берилет.
Консультативдик комитеттин отурумунда ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын "Бирликтин мүчө мамлекеттеринде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" сунуштамасынын долбоору жактырылды. Документ улуттук мамлекеттик агрардык саясаттын нугунда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган дем берүүчү жана жөнгө салуучу мүнөздөгү чаралар боюнча сунуштарды камтыйт.
Сезимтал айыл чарба товарлары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ЕЭК Коллегиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүндө сүт жана сүт азыктары рыногун, бодо малдын этин өндүрүүнү, ошондой эле чочконун этин өндүрүүнү туруктуу өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө сунуштамалардын долбоорлору жактырылды.
"Сунуштарды ишке ашыруу мал чарба тармактарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде генетикалык материалга, чийки затка, өндүрүш каражаттарына импорттук көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет, өндүрүлгөн продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат", – деп белгиледи Гоар Барсегян.