19-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркемеде белгиленген, табигый монополиялар чөйрөсүндө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу эрежелерин жана жөнгө салуу принциптерин колдонууга жалпы мамилени камсыз кылган сунуштаманы кабыл алды.
Документ түшүндүрүүчү-маалыматтык мүнөзгө ээ, бул Бирликтин укугун бир түрдүү колдонууга багытталган документтерди иштеп чыгуу бөлүгүндө 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына өбөлгө түзөт.
"Улуттук мыйзамдардын ченемдеринде жана жоболорунда камтылууга тийиш болгон принциптерди жалпы түшүнүү жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн мүмкүн болгон басмырлоочу шарттарын четтетүүгө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Кабыл алынган документ керектөөчүлөргө жана бизнеске табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик жөнгө салууда колдонулуучу мамилелерди жана принциптерди тагыраак түшүнүүнү калыптандырууга жардам берет, ошону менен алардын жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатат.
Маалымат
ЕАЭБ мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү жүргүзүүнүн ырааттуулугун аныктоо боюнча жол картасынын 9-пунктунда (ЕЭК Кеңеши тарабынан 2017-жылдын декабрында бекитилген) Коллегиянын "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптерин жана жалпы эрежелерин колдонуу жөнүндө" сунуштамасын кабыл алуу каралган.