Жаңылыктар

19.09.2024

ЕЭК АСЕАН өлкөлөрү менен диалогду өнүктүрүүдө

Россия-АСЕАН экономика министрлеринин консультациясынын талааларында Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуяндын Индонезиянын, Таиланддын, Мьянманын, Камбоджанын жана Лаостун мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулары болуп өттү. Алар АСЕАН өлкөлөрүнүн ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жогору кызыкдарлыгын билдиришти.

Индонезиянын эл аралык соода сүйлөшүүлөрү боюнча башкы директору Джатмико Брис Витджаксоно менен ЕЭК менен бул өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында диалогдун алгоритми жана приоритеттери, анын ичинде биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун уюштуруу макулдашылды.

Микаел Беллуян менен Таиланддын эл аралык соода боюнча башкы директору Тхатчаяпхон Апхимонтхетбуттун жолугушуусунда биргелешкен жумушчу топтун отурумун өткөрүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу талкууланды. ЕЭК менен Таиланд өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында экономикалык күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара кызыкчылык белгиленди.

ЕЭК менен Мьянма өкмөтүнүн кызматташтык жөнүндө меморандумуна ылайык түзүлгөн биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунун келишкендиктерин ишке ашыруунун жыйынтыктары, ошондой эле ЕАЭБ менен Мьянманын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда диалогду интенсификациялоо механизмдери Мьянманын Инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин департаментинин башчысы Марлар Мьо Ньюнт менен талкууланды. Кызматташтыктын негизги багыттары боюнча биргелешкен тармактык семинарларды өткөрүү жөнүндө ЕЭКтин демилгеси колдоого алынды.

Камбоджа делегациясы менен жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК жана бул өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында биргелешкен жумушчу топтун отурумун тез арада өткөрүүгө кызыкдарлык айтылды.

ЕЭК делегациясы ошондой эле ушул жылы АСЕАНда төрагалык кылган өлкө — Лаостун өкүлдөрү менен жолугушту. Микаел Беллуян бул өлкөнүн ЕЭК менен АСЕАНдын өз ара иштешүүсүн өнүктүрүүгө кошкон салымын жана анын ЕАЭБ жана Лаос өлкөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү үчүн маанилүүлүгүн жогору баалады.