Жаңылыктар

24.01.2023

ЕЭК жарылуучу жана баңги заттарды издөө жана идентификациялоо тутумун жакшыртат

Евразия экономикалык комиссиясында жарылуучу жана баңги заттарды издөө жана идентификациялоо тутумуна карата Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бирдиктүү типтүү талаптарын иштеп чыгуу башталды.

ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиевдин катышуусу менен өткөн тийиштүү эксперттик топтун биринчи отурумунда, Бирликте өткөрүү пункттарында азырынча мындай бирдиктүү талаптар жок экендиги белгиленген. Бүгүнкү күндө мүчө мамлекеттерде контролдоо шаймандары колдонулуп, алардын мүнөздөмөлөрү айырмаланышы мүмкүн.

"ЕАЭБдин алкагында типтүү талаптарды кабыл алуу Бирликтин бүтүндөй тышкы чек арасында бажы контролун жүргүзүүдө бирликтик мамлекеттердин мамилелерин айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет", - деп баса белгиледи Данияр Иманалиев. 

Эксперттик топтун мүчөлөрү документти иштеп чыгуу, баарынан мурда, ЕАЭБде баңги жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз алып өтүү коркунучун азайтууга жана аларды издөө жана идентификациялоо тутумуна типтүү талаптарды оптималдаштырууга багытталгандыгын белгилешти. Бирдиктүү типтүү талаптарды кабыл алуу бирликтик өлкөлөрдүн жана алардын калкынын коопсуздугун жогорулатууга жардам берет.