Жаңылыктар

29.09.2022 (Обновлено: 11.10.2022 09:40)

ЕЭК адамдарды, багажды жана кол жүктөрдү бажылык кароо тутумун өркүндөтөт

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эксперттери менен биргеликте адамдарды, багажды жана кол жүктөрдү кароо (текшерүү) тутумуна карата бирдиктүү типтүү талаптарды иштеп чыгат. Бул Бирликтин бүткүл тышкы чек арасында бажы контролун жүзөгө ашырууда бирликтик мамлекеттердин мамилесин шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.

"ЕАЭБ алкагында бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү - биздин Стратегия-2025тин маанилүү багыттарынын бири, - деп белгиледи ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Максат Мамытканов. - Анда, атап айтканда, Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлүүчү жерлерде бажы инфраструктурасынын элементтерин, анын ичинде адамдарды, багажды жана кол жүктөрдү кароо (текшерүү) тутумун техникалык жактан жабдууга карата типтүү талаптарды өркүндөтүү жана унификациялоо жөнүндө пункт бар".

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү деп - бирликтик жана улуттук мыйзамдарга ылайык, транспорттун каалагандай түрү менен товарларды ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келүү же андан ташып чыгуу боюнча иш-аракеттер түшүнүлөт. Ал эми бажы органдарынын милдети – Бирлик өлкөлөрүнүн жарандары үчүн коркунуч туудурган товарларды, ошондой эле тыюу салынган жана чектелген товарларды ташып келүүгө жана ташып чыгууга жол бербөө болуп саналат.

Азырынча Бирликте өткөрүү пункттарында адамдарды, багажды жана кол жүктөрүн кароо (текшерүү) тутуму боюнча бардык мүчө мамлекеттер үчүн бирдиктүү талаптар жок. Бул маселеде ар бир өлкө өзүнүн мыйзамдарына ылайык иш алып барып, натыйжада аэропорттордо, деңиз жана дарыя портторунда, темир жол вокзалдарында, автомобиль терминалдарында - бажы өткөрүү пункттары жайгаштырылган бардык жерлерде, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары контролдоо тутумдарына карата өлкөлөр белгилеген талаптардын айырмачылыктарына байланыштуу көйгөйлөргө улам туш болушат. Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери бул жагдайды оңдоону каалашат.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын тийиштүү чечимдеринин долбоору даярдалган. Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлүүчү жерлерде жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин ыңгайлаштырууга жана техникалык жабдууга типтүү талаптар жогоруда аталган тутум тарабынан кийинки жылдын аягына чейин кабыл алынышы күтүлөт. Бул бажы талаптарын бузуу менен товарларды мыйзамсыз ташуу тобокелин гана азайтпастан, чек арада бажы операцияларын жүргүзүү убактысын кыскартууга да мүмкүндүк берет.