Жаңылыктар

05.03.2024

ЕЭК Бирликтин эт жана эт продукциясына карата техрегламентине өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартибин белгиледи

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан Бажы бирлигинин "Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 034/2013) өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартибин белгилеген чечим бекитилди.

ЕЭК Кеңеши тарабынан өткөн жылдын сентябрында кабыл алынган жана 2024-жылдын 7-апрелинде күчүнө кирген бул өзгөртүүлөр, маркалоодо белоктун жана майдын татаал стандартташтырылуучу курамынын табигый бирдей эместиги менен мүнөздөлгөн союу азыктарынын жана эт продукциясынын азыктык баалуулугу жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматты тактоого тиешелүү. Өзгөртүүлөрдө тамак-аш заттарынын факт жүзүндөгү маанилеринин четтөөсүнүн жол берилген чектери каралган: белок – маркалоодо көрсөтүлгөн мааниден 80%дан кем эмес; май, углеводдор – 120%дан көп эмес. Аталган товарлардын энергетикалык баалуулугу (калориялуулугу) да маркалоодогу мааниден 120%дан ашпоого тийиш.

Комиссиянын Коллегиясы аталган өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген же кабыл алынган, союу азыктарынын жана эт продукциясынын шайкештигин баалоо жөнүндө документтер (маалыматтар) үчүн – алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейинки өткөөл мезгилди аныктады. Мындай документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин союу азыктарын жана эт продукциясын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет. Продукция өндүрүүчү тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүлүшү мүмкүн.

Өткөөл мезгилди белгилөө ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет, анткени өндүрүүчүлөр жана сатуучулар (жеткирүүчүлөр) маркалоодо азыктык баалуулугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү боюнча өзгөртүлгөн талаптарды бара-бара аткарууга өтө алышат.