Жаңылыктар

24.01.2023 (Обновлено: 27.01.2023 13:02)

ЕЭК темир жол транспорттук чыгымдарын эсепке алуунун тартибин тактады

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигине темир жол боюнча ташылып келген товарлардын бажы наркын аныктоо үчүн транспорттук чыгымдарды эсепке алуунун тартиби такталды.

Мындай товарлардын бажы наркына Бирликтин бажы чек арасына чейин эсептелген транспорттук чыгымдарды кошуу керектиги аныкталды. 

Чечим бизнес-коомдоштуктун сунуштарынын негизинде, ЕАЭБде укук колдонуу тажрыйбасын талдоонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган. Ал ишкерлерге жана темир жолдорго ташылып келүүчү товарлардын бажы наркына киргизилүүгө тийиш болгон транспорттук чыгымдардын суммасын кайсыл болбосун жагдайларда так аныктоого мүмкүндүк берет.

Бул товарларды темир жол транспорту менен ташууга кеткен чыгымдарды бажы наркына киргизүү боюнча талаш жагдайларды четтетүүгө жардам берет.