Жаңылыктар

24.08.2022 (Обновлено: 01.09.2022 11:00)

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү боюнча чаралардын тизмегин бекитти

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын тескемеси менен Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды толук санариптештирүү боюнча чаралардын тизмеси бекитилди. Маселе 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын, ошондой эле Катышуучу өлкөлөрдүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тизмегин ишке ашыруунун алкагында каралды.

ЕЭК тарабынан бекитилген документте сатып алуулардын бардык атаандаштык жол-жоболорун электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен электрондук форматта жүргүзүү үчүн укуктук негизди түзүүгө байланышкан маселелерди иштеп чыгуу, ошондой эле мындай жол-жоболорду өткөрүү мөөнөттөрүн кыскартуу каралат. Мындан тышкары, анда мамлекеттердин сатып алуу маалыматтык тутумдарын өркүндөтүү, аларда банктык кепилдиктердин санариптик реестрлерин түзүү үчүн кошумча модулдарды түзүү, сатып алууларды ишке ашырууда көмүскө бүтүмдөрдүн болушуна жол бербөө боюнча иш-чаралар киргизилген.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиевдин айтымында, документ мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын ортосунда ак ниет атаандаштыкты камсыз кылат.

"ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун санариптештирүү – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрүнүн бири-биринин сатып алууларына катышуусуна толук жеткиликтүүлүктү камсыздоонун маанилүү элементи. Комиссия бекиткен тизмеде Бирликтин мамлекеттеринде мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп жаткан веб-порталдардын программалык-аппараттык комплекстерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар камтылган. Бул иш-чараларды сапаттуу ишке ашыруу үчүн биз соода тутумдарынын ыйгарым укуктуу органдарынын жана операторлорунун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү макулдаштык. Биз өлкөлөрдүн эксперттери менен биргеликте улуттук ЭСКны өз ара таануу эрежелеринин үстүндө иштеп жаткандыгыбызды белгилеп кетким келет, бул ЕАЭБдин мамлекеттик сатып алууларында толук санариптештирүү үчүн маанилүү болуп саналат", - деп Арман Шаккалиев документ боюнча пикирин билдирди.