Жаңылыктар

27.09.2023

ЕЭК КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитти

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги бекитилди. 

Тизмек, аларды көрсөтүү маалыматтык тармактар, анын ичинде Интернет аркылуу ишке ашырылуучу жана маалыматтык технологияларды колдонбостон аткаруу мүмкүн эмес болгон 14 кызмат көрсөтүүдөн турат. Жаңы эрежелер боюнча Евразия экономикалык бирлигинин аймагында электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдү трансчек аралык сатып алууда бекитилген тизмеден КНС алуу мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, ЕЭК Кеңеши тарабынан электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөргө КНС салуу тартибин жөнгө салуу боюнча ЕАЭБде жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жыйынтыктоочу этабы болуп саналат. Ал 2022-жылдын 9-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мамлекет башчылары электрондук формада кызмат көрсөтүүдө КНСти башкаруу тартибин жөнгө салуучу базалык Протоколго кол коюшканын эске салды.

"Бүгүн буга чейин кол коюлган Протокол колдонула турган кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү тизмеги бекитилди. Ошентип, Бирликтин аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү интернет аркылуу сатуу үчүн ачык-айкын жана болжолдуу чөйрө камсыз кылынды, - деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. - Белгилеп кетүүчү нерсе, электрондук соода чөйрөсү дайыма өнүгүп, анын ичинде электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү пайда болуп турат, ошондуктан Комиссия зарыл болгон учурда КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү үчүн бул тармакка мониторинг жүргүзүүнү улантат".


Маалымат

2014-жылдын 29-майында ЕАЭБ жөнүндө келишимге электрондук формада кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары 2022-жылдын 9-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюшкан. Учурда ратификациялоо жол-жобосу өтүп жатат. Протокол Армения Республикасы, Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан ратификацияланган. Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы 2023-жылдын аягына чейин протоколду ратификациялоосу күтүлүүдө.