Евразия экономикалык комиссиясынын эскертүүсүнө жооп катары "Alina Group" ЖЧК (Казакстан Республикасы) чек ара аралык рынокто кургак шыбак гипс аралашмаларынын нысапсыз атаандаштык белгилерин жойду.
Буга чейин Комиссияга "ВОЛМА" БК" ЖЧКсы (Россия Федерациясы) нысапсыз атаандаштык жөнүндө арыз менен кайрылган.
"Alina Group" ЖЧКсынын "КАТМАР" товардык белгисин каттоо жана пайдалануу боюнча аракеттериндеги арызды карап чыгып (эскертүү каттарын жана сотко чейинки дооматтарды жөнөтүү), Комиссия кургак шыбак гипс аралашмаларынын чек ара аралык товардык рыногунда ак ниетсиз атаандаштыктын белгилерин аныктаган, алар ишкердик ишмердикте артыкчылыктарды алууга багытталган. "Alina Group" ЖЧКнын мындай аракеттери, өзөгүнөн алып караганда, атаандаштын түзүлгөн чарбалык байланыштарын бузууга, жеткирүүлөрдүн көлөмүн азайтууга багытталган.
Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу белгилерин камтыган аракеттерди токтотуу жана бузуунун келип чыгышына шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу үчүн Комиссия "Alina Group" ЖЧКга эскертүү берген.
Белгиленген мөөнөттө "Alina Group" ЖЧК Комиссияга аталган эскертүүнүн аткарылгандыгы жөнүндө кабарлаган, бул россиялык чарбакер субъекттерге Казакстан Республикасынын рынокторуна кургак шыбак гипс аралашмаларын жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Тартип бузуу белгилерин четтетүү боюнча эскертүүлөрдүн бардык талаптарынын аткарылышын эске алуу менен ЕЭК арызды кароону токтотту.