Жаңылыктар

19.04.2023 (Обновлено: 20.04.2023 16:55)

ЕЭК санариптик дүйнөдө керектөөчүлөрдүн жана бизнестин өз ара иштешүүсүнүн кризиске каршы схемаларын иштеп чыгат

Санариптик дүйнөдөгү керектөөчүлөрдүн жана бизнестин көйгөйлөрү, электрондук сооданын катышуучуларынын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуу схемалары жана ак ниеттүү тажрыйбаларды өнүктүрүү Минскте өткөн "ТИБО – 2023" эл аралык форумунун аянтчасында өткөрүлгөн V Евразиялык санариптик форумдун тематикалык панелдик сессиясынын спикерлери тарабынан талкууланды.

"Экономиканы санариптик трансформациялоо шарттарында керектөөчүлүк жана ишкердик тобокелдиктерди төмөндөтүү – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мындан аркы интеграциялык өнүгүүсүнүн негизги фактору, – деп белгиледи сессиянын модератору, Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова. – Коомдун, бизнестин жана мамлекеттин өз ара иштешүүсүнүн так механизмдерин жана айкын схемаларын түзүү ЕАЭБ мейкиндигинде адилеттүү санариптик керектөө рыногунун өнүгүүсүн өбөлгөлөөгө мүмкүндүк берет".

Наталья Жукованын сөзү боюнча, электрондук соода чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу – Бирликтин мүчө мамлекеттеринин 2025-жылга чейин биргелешкен өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири. Мындай иш Комиссиянын аянтчасында жүргүзүлөт жана бул чөйрөдөгү мыкты ишкер тажрыйбаларга жана коомдун муктаждыктарына негизделет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын, интернет-аянтчаларынын, мамлекеттик, илимий жана коомдук органдарынын жана уюмдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында бизнести мамлекеттик контролдоону жана өзүн-өзү жөнгө салууну өнүктүрүүнүн соңку тенденцияларын жана келечегин талкуулашты. Керектөө рыногун контрафакттык жана жасалма продукциядан коргоо элементтеринин катарында ак ниет соода принциптерин киргизүүнүн алдыңкы практикалык тажрыйбасы, ошондой эле ишенимдүү онлайн-аянтчалардын реестрин жүргүзүү практикасы каралды.

Дискуссиянын катышуучулары санариптик жана керектөөчүлөрдүн сабаттуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Наталья Жукова белгилегендей, рыноктун катышуучуларынын маалымдуулугу жана компетенттүүлүгү экономиканы өнүктүрүүнүн негизги факторлору болуп саналат. 2023-жыл ЕАЭБде "Сабаттуу керектөөчү - жоопкерчиликтүү бизнес" урааны астында өтүп жатат. Керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо маселелери боюнча жарандар жана ишкерлер менен маалыматтык иш жүргүзүү мүчө мамлекеттердин биргелешкен ишмердүүлүгүнүн көңүл чордонунда турат жана ЕАЭБдин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн милдеттерине жооп берет.

Сессиянын катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө биргелешкен аракеттеринин маанилүү багыты катары - керектөөчүлүк талаш-тартыштарды жөнгө салуунун механизмдерин аныктоо боюнча кызматташууну улантуу чечимин кабыл алышты.


Маалымат

"Санариптик дүйнөдөгү керектөөчүлөр жана бизнес: өз ара иштешүүнүн кризиске каршы схемалары" тематикалык панелдик сессиясы 19-апрелде Комиссия тарабынан V Евразиялык экономикалык форумдун ишкер программасынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чара 18-21-апрелде Минскте (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан "ТИБО-2023" XXIX Маалыматтык коммуникациялык технологиялар боюнча эл аралык форумунун аянтчасында уюштурулду.

"ТИБО" форуму – алдыңкы эл аралык тажрыйба алмашуу, инновациялык билимдерди генерациялоо жана экономиканын ар кандай секторлоруна, социалдык чөйрөгө жана мамлекеттик башкаруу системасына жаңы технологиялык тренддерди киргизүү механизмдерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча.