Дары-дармек препараттарынын каттоо досьелерин Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери техникалык жөнгө салуу боюнча министр Виктор Назаренконун төрагалыгы алдында, Комиссиянын дары-дармек каражаттары боюнча профилдик эксперттик комитетинин кезектеги отурумунда каралды.
"Жалпы рыноктун туруктуу иштешин жана Бирликтин талаптарына ылайык андагы дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн камсыздоо максатында каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери өтө маанилүү жана форумдардын жана конференциялардын дискуссиялык аянтчаларында, бизнес менен жолугушууларда туруктуу талкуунун предмети болуп саналат", - деп белгиледи ЕЭК министри.
Мындай жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгү отурумдун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү тарабынан каралган жана жактырылган Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоору менен каралган.
Документте Эрежелердин бир катар жоболоруна оңдоо киргизүү каралган, атап айтканда, референттик мамлекетте 5 жылдан ашык катталган дары-дармектерди ылайык келтирүү жол-жобосунун алкагында мөөнөтсүз каттоо күбөлүктөрүн берүү эрежелери өзгөртүлгөн. Ошону менен бирге каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү ылайык келтирүү жол-жобосу менен бир убакта киргизүү мүмкүнчүлүгү оптималдаштырылды.
Мындан тышкары, өзгөртүүлөр менен башка контролдоо жол-жоболорунда көрсөтүлгөн документтер болгон учурда ылайык келтирүү жана каттоо жол-жобосунун алкагында, каттоо досьесинин курамында ЕАЭБ рыногунда жүгүртүлүп жаткан дары-дармектерге карата берилүүчү документтердин көлөмүнө карата талаптар такталды.
ЕЭК Кеңешинин бул маселе боюнча чечиминин долбоорун кароо Коллегиянын 2023-жылдын IV кварталындагы отурумунда пландаштырылган, анын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын Коллегиясынын аны жактыруу жөнүндө буйругу кабыл алынат.
Документтин бул долбоорунан тышкары, эксперттер Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын "Клиникалыкка чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүүдө лабораториялык (эксперименталдык) жаныбарлар менен иштөө боюнча колдонмо жөнүндө" сунуш-көрсөтмөсүнүн долбоорун жактырышты, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салууга карата жалпы мамилелерди түзүү боюнча жумушчу топтун курамын актуалдаштырышты.